2024-жылдын 31-июлунда “Ыйман” фонду менен Король Салмандын гуманитардык жардам жана жардам борбору (KSA Relief) ортосунда “Кыргыз Республикасындагы эң муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн азык-түлүк жардамы – 2024” долбоорунун алкагында келишимге кол коюу аземи болуп өттү.
Келишимдин натыйжасында калктын аялуу катмарына 8100 азык-түлүк себети бөлүнүп, долбоорду ишке ашыруу чыгымдары үчүн 34 068 АКШ доллары өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү.
Ар бир азык-түлүк себетинин салмагы 48 кг түзүп, төмөнкүлөрдөн турат:
- Ун – 25 кг
- Өсүмдүк майы – 3 литр
- Макарон – 5 кг
- Гречка – 5 кг
- Күрүч – 5 кг
- Кумшекер – 3 кг
- Томат пастасы – 1 литр
- Туз – 1 кг
Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көмөгү менен ишке ашырылып, жалпы 32400 адамды камтыды.