БИЗ ЖӨНҮНДӨ

“Ыйман” коомдук фонду 2014-жылы Президенттин буйругу менен түзүлүп, маданий-агартуу, социалдык, кайрымдуулук жана башка маанилүү коомдук милдеттерди ишке ашырууга багытталган ишмердүүлүктү жүргүзүп келет.

2025-жылы “Ыйман” фонду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кайра каттоо процедурасынан ийгиликтүү өтүп, Фонддун Уставына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул өзгөртүүлөр эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, коомду өркүндөтүү, жаштарды колдоо жана руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды чыңдоого багытталган демилгелерибизди ишке ашырууда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берет.

МАКСАТЫБЫЗ

МАКСАТЫБЫЗ

Фонддун негизги максаты коомду ар тараптуу өнүктүрүүгө жана калкты социалдык жактан колдоого, билим берүүнү, саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө, жарандардын руханий жана интеллектуалдык потенциалын жогорулатууга, мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүүгө багытталган программаларды, долбоорлорду жана демилгелерди иштеп чыгуу жана колдоо болуп саналат. Конфессиялар аралык ынтымакты, диний сабырдуулукту чыңдоодо, диний экстремизмдин көрүнүштөрүнө каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу формаларын жана ыкмаларын иштеп чыгуу.

ФОНД ЭМНЕ ҮЧҮН ТҮЗҮЛГӨН

Жарандардын диний маданиятын жана диний агартуусун колдоо жана өнүктүрүү өлкөдөгү туруктуулукту сактоо факторлорунун бири болуп эсептелет.

Жарандардын диний потенциалын жана диний сабаттуулугун жогорулатууга багытталган демилгелерди колдоо, ошондой эле конфессиялар аралык ынтымакты, дин жаатындагы сабырдуулукту чыңдоодо, диний экстремизм көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүнүн натыйжалуу формаларын жана методдорун иштеп чыгууда мамлекетке жана жарандык коомго көмөк көрсөтүү максатында "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду түзүлгөн.

Максат жана Багыт

Фонддун Төрагасы

Туран уулу Жанузак

Туран уулу Жанузак

“Ыйман” коомдук фондунун төрагасы

Жанузак Туран уулу 2024-жылдын 27-майынан тарта “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы болуп саналат. Ал Ош мамлекеттик университетинин Теология факультетин аяктап, Анкарадагы Йылдырым Беязыт университетинде “Исламдын негизги илимдери” боюнча магистр даражасын алган.

Буга чейин “Ыйман” фондунда жана башка эл аралык кайрымдуулук уюмдарында жооптуу кызматтарды аркалаган. Ал бир нече илимий жана диний басылмалардын автору, котормочусу жана техникалык редактору. Кыргыз, орус, түрк жана араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Башкаруу кеңешинин мүчөлөрү

Фонддун ишмердүүлүгү жалпы жыйын, камкорчулар кеңеши жана байкоочу кеңеш тарабынан жөнгө салынат. Жалпы жыйын эки жылда бир жолу чогулуп, негизги чечимдерди кабыл алат.

«Ыйман» коомдук фондунун байкоочу кеңешинин курамы

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары
    байкоочу кеңештин төрагасы
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары - стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы
    байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы
  • Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору
  • Кыргызстан Мусулмандарынын Диний башкармалыгынын Азирети муфтийи (макулдашуу боюнча)

Макулдашуу менен:

  • Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин өкүлү
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өкүлү