“Ыйман” фонду коомдун интеллектуалдык жана маданий деңгээлин жогорулатуу максатында билим берүү жана маданий-агартуу багытында бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырып келет. Негизги максатыбыз – жаштарга сапаттуу билим алууга шарт түзүү, улуттук баалуулуктарды даңазалоо жана коомдо китеп окуу маданиятын жайылтуу.

Куран жана Тажвид курсунун бүтүрүүчүлөрү

“Куран башталгыч” жана “Тажвид” курсунун бүтүрүүчүлөрү сыйланды

“Ыйман” коомдук фонду тарабынан уюштурулган “Куран башталгыч” жана “Тажвид” курстары ийгиликтүү аяктап, бүтүрүүчүлөргө салтанаттуу түрдө сертификаттар тапшырылды.

Чакан иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр “Ыйман” фондунун төрагасы Жанузак Туран уулу тарабынан мамлекеттик деңгээлдеги сертификаттар жана баалуу белектер менен сыйланышты. Бүтүрүүчүлөрдүн баарын чын жүрөктөн куттуктайбыз! Аллах Таала алган илимин эки дүйнө пайдалуу кылсын!

Китеп басып чыгаруу

Китеп басып чыгаруу жана агартуу

Фонд, коомдун руханий азыгын байытуу максатында диний, маданий жана тарыхый темадагы китептерди басып чыгарууга өзгөчө көңүл бурат. "Калем жана Ыйман" сыяктуу долбоорлор аркылуу жаш калемгерлерге колдоо көрсөтүлүп, элдин китепке болгон кызыгуусун арттыруу аракети көрүлүүдө.

Басылып чыккан ар бир китеп – бул келечек муундарга калтырылган баалуу мурас жана агартууга кошулган чоң салым.

Жаштарды өнүктүрүү долбоорлору

Жаштарды өнүктүрүү долбоорлору

“Ыйман” фонду жаш муундардын билимдүү, ыймандуу жана мекенчил болуп өсүүсүнө шарт түзүү максатында ар кандай долбоорлорду ишке ашырат. Анкара шаарында өткөрүлгөн жайкы лагерь сыяктуу иш-чаралар окуучулардын дүйнө таанымын кеңейтип, жаңы тажрыйба топтоосуна зор өбөлгө түзөт.

Биз жаштардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарт түзүүнү уланта беребиз, анткени келечек – билимдүү жаштардын колунда.

Агартуу иштерине салым кошуңуз

Сиздин колдооңуз менен биз дагы көптөгөн жаштарга билим берип, маданий долбоорлорду ишке ашыра алабыз.

Колдоо көрсөтүү